Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 100/20-5
Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-майындагы №79/12-3 “Кассирдин кошумча штат бирдигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №1-22/2760 кайрылусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын кассир кызматы жоюлсун.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-майындагы №79/12-3 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |