Документтердин түрлөрүнүн тизмеги (Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) «бирдиктүү терезе» принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген))
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Документтердин
түрлөрүнүн тизмеги
Документтин коду* | Документтин аталышы* | Маалыматтар берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
01191 | Шайкештикти баалоо жөнүндө документ (же шайкештик сертификаты же болбосо шайкештик жөнүндө декларация) | Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01201 | Ветеринардык сертификат | Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01202 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды ташып киргизүүгө уруксат | Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01204 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды транзит менен өткөрүүгө уруксат | Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01206 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01207 | Фитосанитардык сертификат | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган |
01209 | Илимий-изилдөө максатында карантиндик объекттерди (карантиндик зыяндуу организмдерди) ташып киргизүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган |
(*) Документтин аталышы жана коду Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген документтердин жана маалыматтардын түрлөрүнүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. | ||