Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 101/20-5
Токмок шаарынын аймагындагы автоунаа каражаттарына акы төлөнүүчү токтотмо жайлардын жаңы тарифтерин бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы №1-22/2670 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 27-декабрындагы протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын аймагында автоунаа каражаттарына акы төлөнүүчү токтотмо жайлардын төмөнкүдөй тарифтери бекитилсин:
- «Булак» жана «Мүрөк» борбордук базарынын аянтына унаа токтотуучу жайга 15,0 сом өлчөмүндө;
- автоунаа каражаттарына 3 сааттан ашык токтотуу үчүн 20,0 сом өлчөмүндө;
- «Булак» жана «Мүрөк» борбордук базарынын аймагына кирүү үчүн 15,0 сом өлчөмүндө;
-маршруттук таксинин муниципалдык унаа токтотуучу жайга кирүү үчүн 10,0 сом өлчөмүндө.
2. Бул тарифтер 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүсү белгиленсин.
3. Токмок шаардык кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №69/13-2 жана 2018-жылдын 13-апрелиндеги №134/20-4 токтомдору өз күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |