Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги(кезексиз) XХIX сессиясынын
2024-жыл 17-январь №29-2
“Ызар техсервистин айдоо,оруп жыйноо боюнча 2024-жылга тарифин бекитүү жөнүндө”
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХIX сессиясынын,экинчи маселеси боюнча техсервистин башчысы Ж.Сатыбалдыевдин техсервистин 2024-жылга карата түзүлгөн тариф боюнча айылдык кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ызар техсервистин 2024-жыл ичинде дын жерди айдоо-6000 сом анын ичинен 1500 сом айдоочуга,оруп жыйноо-6000 сом анын ичинен айдоочуга-1000 сом.жардамчыга-800сом өлчөмүндө тарифтери жана ар бир айылдан 2(эки) жаранга 50%дык жардам берүү жагына макулдук берилсин.
2.Т.Балтагулов айыл аймагында оруп жыйноо иштери толук аткарылганча техникалар башка айыл өкмөттөргө чыгарбоо жагын көзөмөлдөө Ж.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |