Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 102/20-5
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 23-декабрындагы №1-22/2800 катын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №22/8-5 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын мэри (У.О. Самаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеӊешинин
2022-жылдын 27-декабры
№102/20-5 токтомуна
тиркеме
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамы
1 | Чокеев Кайрат Кубанычбекович | -Токмок шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
|
2 | Джунусов Абай Аманбекович | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын финансы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн адиси; комиссиянын катчысы; |
Комиссия мүчөлөрү:
| ||
3 | Жумакадыров Темир Тейитбекович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу менен); |
4 | Инамбаев Тарамурза Дадамурзаевич | -“Биримдик” коомдук уюмунун мүчөсү (макулдашуу менен); |
5 | Абдраев Марат Долосбекович | -“Центр гражданского развития” коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу менен); |
6 | Кангельдиева Гульсана Искаковна | -“Дом мира” коомдук уюмунун төрайымы (макулдашуу менен); |
7 | Жусупбекова Жанаркуль Жангазиевна | -“Green work” КФдин төрайымы; |
8 | Лавринович Ольга Викторовна | -“Общество Корнелиуса” коомдук фондунун төрайымы (макулдашуу менен); |
9 | Колесникова Елена Владимировна | -“Красный полумесяц” коомунун Чүй облусунун Токмоктогу филиалынын директору (макулдашуу менен). |
Жооптуу катчы |
| М.А.Табалдиев |