САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылы 8-апрели №65
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХI сессиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын башында Миң-Өрүк айылынын калкы менен болгон жолугушууда калк арасынан көтөрүлүп чыккан талаптардын негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы К.Мергеновдун берген билдирүүсун угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгу 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 1-бөлүмчөсүн жана 4-бөлүмүнун 31-беренесинин 1-бөлүмчөсүн жетекчиликке алуу менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Самаркандек айыл өкмөтүнүнМиң-Өрук айылына мектеп куруу максатында Миң-Өрук айылындагы №811 контурунда жайгашкан 0,90 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо түрүндөгү жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрук айылындагы №811 контурунда жайгашкан 0,90 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо түрүндөгү жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
У.Гайыпов |