Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 103/20-5
Токмок шаарынын Пролетарская көчөсүнүн жолун төшөө (Дубовицский көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин) капиталдык оңдоо боюнча долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Демилгелүү топтун лидери А.Т Маликовдун 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02-12/10 “Токмок шаарынын Пролетарская көчөсүнүн жолун төшөө (Дубовицкий көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин) капиталдык оңдоо” долбоорун дем берүүчү каражаттардын эсебинен ишке ашыруу максатындагы кайрылуусун карап чыгып жана ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Пролетарская көчөсүнүн жолун төшөө (Дубовицкий көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин) капиталдык оңдоо” долбоору боюнча кошо каржылоого чыгашалар суммасын Токмок шаарынын 2023-жылдын бюджетинин долбооруна “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” 701 бөлүмүнүн (Токмок шаарынын мэриясы) “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 2488766,0 (эки миллион төрт жүз сексен сегиз миң жети жүз алтымыш алты) сом өлчөмүндө акча каражатын киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |