САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылы 8-апрели №71
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жайылма участогуна электр трансформаторун орнотуу жана чубалгыларды тартуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХI сессиясыСамаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун берген билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жайылма участогуна лотоктун үстундө калктуу конуштар астындагы жерден электр трансформаторун орнотуу үчүн 16,0 ч.м. жер тилкеси жана ЖЧ-10кВ аба чубалгысын тартуу үчун 700м, КЧ-0,4 кВ аба чубалгысын тартуу үчүн 1000 м узундуктагы жер тилкелери бөлүнүп берилүусүнө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
У.Гайыпов |