Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 576 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабры № 720
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтолгон каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алыш-бериш эсебине болгон карыздарды эске алуу менен 2023-жылдын 31-декабрына чейин жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын чыгымдарынын сметасын жана өздөштүрүүнүн планын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 58 "Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |