Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын

 

2024-жылдын 7 марты № 30/3

  Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине  Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинен Какыр, Калачы, Разъезд айылдарын бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ПЖ” №370 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимди административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюуштуруу жөнүндө” №52  токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине «Уч-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинен Какыр, Калачы, Разъезд айылдары кошулгандыгына байланыштуу «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү » болуп кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
  2. «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын   айыл өкмөтү » мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
  3. «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн»  жаңы редакциясындагы Жобосу бекитилсин
  4. «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү» юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы Баткен обулусу Кадамжай району А.Масалиев  аймагынын айыл өкмөтүКара-Дөбө айылы А.Ишматов көчөсү №12болуп аныкталсын.
  5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсотүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик катто үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын ырастайт.

 

 

    

Төрага

 

Т.Галботоев