КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 57
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) төрайымы Г.Жолдубаеванын жана аксакалдар сотунун төрагасы К.Абдимиталиповдун 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын жана аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Аксакалдар сотунун курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Абдимиталипов Курбанбек- аксакалдар сотунун төрагасы
2. Тагайбеков Таштемир – орун басары
3. Мамадиярова Бактыгүл – катчысы
4. Каарова Батма – мүчөсү
5. Аманов Соор – мүчөсү
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |