КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 58
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (АЧЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселеси боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (АЧЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ижарага берилген жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана ижара акысын өз убагында жыйноо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |