Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 106/20-5
«Токмок шаарынын 1-кичирайондогу №8 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу казандарын алмаштыруу менен жылуулук системасын капиталдык оңдоо» долбоорун кошо каржылоо жөнүндө
Демилгелүү топтун лидери Р.Дж. Дуулановдун 2022-жылдын 23-декабрындагы №02-12/11 «Токмок шаарынын 1-кичирайондогу №8 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу казандарын алмаштыруу менен жылуулук системасын капиталдык оңдоо» долбоорун кошо каржылоо жөнүндө долбоорун дем берүүчү каражаттардын эсебинен ишке ашыруу максатындагы кайрылуусун карап чыгып жана ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаарынын 1-кичирайондогу №8 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу казандарын алмаштыруу менен жылуулук системасын капиталдык оңдоо» долбоорун кошо каржылоо жөнүндө долбоору боюнча кошо каржылоого чыгашалар суммасын Токмок шаарынын 2023-жылдын бюджетинин долбооруна “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” 701 бөлүмүнүн (Токмок шаарынын мэриясы) “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 5758572,0 (Беш миллион жети жүз элүү сегиз миң беш жүз жетимиш эки) сом өлчөмүндө акча каражатын киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |