Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели № 59

 Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу абалы жөнүндө

Кара-Булак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында, жазгы талаа жумуштарын уюштуруу боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. 2024-жылга карата Кара-Булак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жазгы талаа иштери боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

К.Шакиров