КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 60
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө
2023-жылга инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иш аракеттери жана 2024-жылга коюлган иш пландары тууралуу Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- 2023-жылга карата Кара-Булак айыл аймагына инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |