Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 107/20-5
“Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-декабрындагы №1-22/2841 катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
2.“Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесинин уставы бекитилсин.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-апрелинде №97/14-3 токтому, 2014-жылдын 15-майындагы №109/15-3 токтому жана 2015-жылдын 19-февралындагы №134/18-3 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин укук тартиби жана коргоону боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеӊешинин
2022-жылдын 27-декабрындагы
№107/20-5 токтомуна
тиркеме
“Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору”
муниципалдык мекемесинин уставы
Токмок шаары 2022-жыл
“Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесинин уставы
1. Жалпы жоболор
1.Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – ТКААБ) – Токмок шаарынын мэриясы (мындан ары - мэрия) тарабынан Токмок шаарынын аймагында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2.Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемеси”;
- расмий тилде: “Муниципальное учреждение “ Токмокский Общественно-профилактический центр””.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ТКААБ” Муниципалдык М-е”.
- расмий тилде: “Муниципальное У-е “ТОПЦ”.
3.ТКААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4.ТКААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. ТКААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6.Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Чүй облусу, Токмок шаары, Трясина көчөсү 147.
7.ТКААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги: Чүй облусу, Токмок шаары, Трясина көчөсү 147.
2. ТКААБдын максаттары жана милдеттери
8. ТКААБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, Токмок шаарынын аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. ТКААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. ТКААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- Токмок шаарынын аймагында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
-мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11.ТКААБ Токмок шаарынын аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. ТКААБдын укуктары жана милдеттери
12. ТКААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында өз укугун, ТКААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга ТКААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
-Токмок шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, ТКААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токмок шаарынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. ТКААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
-дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, Токмок шаардык кеңештин жана Токмок шаарынын укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө Токмок шаарынын ички иштер органдарына (ИИБ) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча ТКААБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка ТКААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- ТКААБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. ТКААБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. ТКААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Токмок шаарынын аймагында туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар ТКААБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. ТКААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17.ТКААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. ТКААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- ТКААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- ТКААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ТКААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- ТКААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. ТКААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ТКААБдын Уставын сактоого;
- ТКААБдын ишине катышууга;
-ТКААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- ТКААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. ТКААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
-ТКААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде ТКААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
-ТКААБдын мүчөсү каза болгондо;
- ТКААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- ТКААБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. ТКААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- ТКААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. ТКААБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. ТКААБдын жогорку органы болуп Токмок шаарынын мэриясы жана жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-ТКААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- башка маселелер.
25.ТКААБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26.ТКААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. ТКААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп ТКААБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал ТКААБдын жалпы чогулушуна жана Токмок шаарынын мэриясына отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы Токмок шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Токмок шаардык кеңешинин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, Токмок шаардык кеңешинин депутаттары, Токмок шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, Токмок шаарынын ИИБсынын жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, ТКААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
-Токмок шаарынын мэриясынын жана ТКААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- ТКААБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана ТКААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Токмок шаарынын мэриясынын локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. ТКААБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
-ТКААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
-баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде ТКААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана ТКААБдын каражаттарын тескөө;
-ТКААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. ТКААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41.ТКААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ТКААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42.ТКААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан ТКААБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. ТКААБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып ТКААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда ТКААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. ТКААБдын финансылык жана чарбалык ишин ТКААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. ТКААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) Токмок шаарынын мэриясына жана жалпы чогулушка отчет берет.
49. ТКААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. ТКААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. ТКААБдын ишмердүүлүгү төмөнкү булактардан каржыланат:
-Токмок шаарынын мэриясынын макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка кайтарымсыз жардамдардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык формалардагы кайтарымдуу жана кайтарып берүүгө алынган карыздарды тартуудан тышкаркы башка булактардан.
51. Мэрия коомдук тартипти коргоого, көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, анын ичинде ТКААБ укук бузуулардын алдын алууну өткөрүлүүчү ыйгарым укуктарды бир мезгилде аныктоо жана каражаттарды берүү же каржылык булактарын камсыздоону жана аткарууну өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Укук бузуулардын алдын алуу, аларды каржылык камсыздоону аныктоо маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө чечим мэрия тарабынан Токмок шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ТКААБды материалдык жана моралдык сыйлоо чараларын кабыл ала алышат.
54. ТКААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ТКААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Жооптуу катчы |
| М.А.Табалдиев |