КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 57
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновдун 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеш токтом кылат:
- Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Кара-Булак айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында алып чыгуу жана тазалыкты сактоо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновго тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |