Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели № 57

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун  которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2- апрелиндеги № 04-27/300 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу кампасын куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы № 4402 контурунда жайгашкан  0,70 га бадалдуу жайыт жер аянттарын № 4841 контурунда жайгашкан 0,70 га бадалдуу жайыт жер аянттарын, жалпы 1,40 га жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Шакиров