Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели №162

“Тоо бүркүтү” балдар эс алуу борборун капиталдык ремонттон өткөрүү жана кемпингтерди курууга сметалык долбоорду даярдоо үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 886985 (сегиз жүз сексен алты миӊ тогуз жүз сексен беш) сом акча каражатын 2215 “Башка кызматтар” беренесине которууга макулдук  берүү жөнүндө;

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 25.03. 2024ж. №01-7/617 сандуу “Тоо бүркүтү” балдар эс алуу борборун капиталдык ремонттон өткөрүү жана кемпингтерди курууга сметалык долбоорду даярдоо үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 886985 (сегиз жүз сексен алты миӊ тогуз жүз сексен беш) сом акча каражатын 2215 “Башка кызматтар” беренесине которуп берүү жөнүндө каты  боюнча “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча”  туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      “Тоо бүркүтү” балдар эс алуу борборун капиталдык ремонттон өткөрүү жана кемпингтерди курууга сметалык долбоорду даярдоо үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 886985 (сегиз жүз сексен алты миӊ тогуз жүз сексен беш) сом акча каражатын 2215 “Башка кызматтар” беренесине которууга макулдук берилсин

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча”  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

 

М.А.Кутбидинов