Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели №164

Сүлүктү шаардык мэриясын кайра каттоодон өткөрүү жана  жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругу менени бекитилген “Шаар мэриясынын убактылуу типтүү Жобосунун” негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаарынын мэриясынын Жобосу бекитилсин (Жобо тиркелет)

 

2.     Сүлүктү шаардык кеӊешинин төртүнчү чакырылышышыш XXIV сессиясынын 2012-жылдын 17-январындагы “Сүлүктү шаардык мэриясынын  Жобосун бекитүү жөнүндөгү” №139 токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

 

3.     Сүлүктү шаарынын мэриясын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Сүлүктү шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси А.М. Каримовго жүктөлсүн.

 

4.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук  депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.     Мамлкеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда анда көрсөтүлгөн маалыматтардын  ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.

 

 

 

Төрага:

 

М.А.Кутбидинов

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXXIV сессиясынын 11.04. 2024ж. №164 токтому менен бекитилген  

 

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын жобосу

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Шаардын мэриясынын ушул жобосу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардын мэриясынын иш-аракетин жөнгө салат.

2. Мэрия Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Мэрия юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот.

Мэриянын расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Сүлүктү шаарынын мэриясы”;

- расмий тилде – «Мэрия города Сулюкта».

 Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, № 1.

4. Мэрия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мэрия өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Мэриянын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш

6. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

2. Шаардык мэриянын ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери

 

7. Шаардын мэриясынын компетенциясы, шаардын мэрин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби, мэриянын ишинин финансылык-экономикалык негиздери “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

8. Мэриянын түзүмү жана штаттык расписаниеси (ырааттамасы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде мэр тарабынан бекитилет.

9. Мэрия шаардык кеңештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

10. Мэрия өз ишинде шаардык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетуу болот.

11. Шаар мэриясынын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде шаардын мэриясынын регламенти менен белгиленет.

3. Мэриянын актыларынын милдеттүүлүгү

 

12. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) мэр токтом жана тескеме формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, аларга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

15. Мэриянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш.

16. Мэриянын чечимдери шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

 

4. Мэрияга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

17. Мэриянын мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар мэриянын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

18. Мэриянын мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

5. Корутунду жоболор

 

19. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардын мэринин чечими менен киргизилет.

 

 

 

Жооптуу катчы:                                             М.Джураева