СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели №165
Сүлүктү шаардык кеӊешин кайра каттоодон өткөрүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругу менени бекитилген “Шаардык кеӊештин убактылуу типтүү Жобосунун” негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кешинин Жобосу бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин бешинчи чакырылышынын VI сессиясынын 2013-жылдын 8-июлундагы “Сүлүктү шаардык кеӊешинин Жобосун бекитүү жөнүндө” №31 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Сүлүктү шаардык кеӊешин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Сүлүктү шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы М. Джураевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеӊештин жооптуу катчысына көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Мамлкеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда анда көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Төрага: |
М.А.Кутбидинов |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXXIV сессиясынын 11.04. 2024ж. №165 токтому менен бекитилген
Сүлүктү шаардык кеӊешинин жобосу
- Жалпы Жоболор
- Шаардык кеӊештин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери
- Шаардык кеӊештин чечимдери
- Жергиликтүү кеңештин төрагасы
- Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
- Шаардык кеңештин жооптуу катчысы:
- Шаардык кенештин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны
- Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Сүлүктү шаардык кеӊештин (мындан ары шаардык кеӊеш) ушул жобосу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык кеӊешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык кеӊештин ишин жөнгө салат
2. Шаардык кеӊеш - өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, 31 жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан турган, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Шаардык кеӊеш юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот.
Шаардык кеӊештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Сүлүктү шаардык кеӊеши»;
- расмий тилде – «Сулюктинский городской кенеш».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, № 1.
4. Шаардык кеӊеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Жергиликтүү кеӊештердин депутатарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Шаардык кеӊеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат
2. Шаардык кеӊештин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери
1. Шаардык кеӊештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы-сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеӊештин регламенти менен аныкталат
2. Шаардык кеӊештин компетенциясы, шаардык кеӊештин төрагасын жана орун басарларын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеӊештин төрагасынын жана анын орун басарларынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеӊештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана шаардык кеӊештин регламенти менен жөнгө салынат.
3. Шаардык кеӊештин чечимдери
1. Шаардык кеӊештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кол коет.
2. Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
3. Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипе күчүнө кирет.
4. Шаардык кеӊештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеӊештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
5. Шаардык кеӊештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет .
6. Шаардык кеӊештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн
4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө ылайык шаардык кеңештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларда төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коёт;
4) депутаттардын шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;
7) жергиликтүү кеңеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат.
2. Шаардык кеӊештин төрагасынын 2 орун басары болот.
3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
4. Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан өзүнүн каалоосу жана шаардык кеӊештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен бошотулушу мүмкүн;
5. Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
6. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы:
1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын, сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
2. Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;
3. Депутаттарга шаардык кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;
4. Шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;
5. Туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, шаардык кеңештин документтерин сактоону, системалаштырууну жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;
6. Убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
7. Шаардык кеңешке жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча ишти уюштурат;
8. Шаардык кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;
9. Шаардык кеңештин кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоо эрежелерин жана ички тартиптин сакталышынын абалын көзөмөлдөйт;
10. Шаардык кеңештин регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
7. Шаардык кенештин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.
- Шаардык кеӊештин түзүмү жана штаттык ырааттамасы (расписаниеси) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде шаардык кеӊештин төрагасы бекитет.
- Шаардык кеӊештин түзүмдүк кызматкерлеринин укуктары жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери, ушул Жобо, кызматтык инструкциялар жөнүндөгү жол-жоболор менен аныкталат жана шаардык кеӊештин төрагасынын буйругу менен бекитилген функционалдык милдеттерге ылайык иш алып барат.
8. Корутунду жоболор
1. Ушул Жобо шаардык кеңештин токтому чыккан күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин токтому менен киргизилет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда, кайра уюшулганда муниципиалдык кызмат орду кыскартылганда муниципиалдык кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин жана башка мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке ашырылат.
Жооптуу катчы: М.Джураева