МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
2024-жыл 9- апрели №25-9-1
“«Майлуу-Суу шаардык кенеши» мекемесин кайра каттоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- « Майлуу-Суу шаарынын шаардык кенеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: « Майлуу-Суу шаардык кенеши» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Майлуу-Сууйский городской кенеш"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Майлуу-Суу шаардык кенеши» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Майлуу-Сууйский городской кенеш".
2. « Майлуу-Суу шаардык кенеши » мекемесинин Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. « Майлуу-Суу шаардык кенеши » мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары Ленина көчөсү, №135-а болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык ѳз алдынча башкаруу органдын веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
Н.Бостонов |