Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 108/20-5
Токмок шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 28-январындагы 30/9-5 “Токмок шаарынын бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы №1-22/2824 катын карап чыгып жана жогорулатылган киреше салыгынын калдыктарын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине, жогорулатылган киреше салыгынын калдыктарынын эсебинен 312,5 миң сом суммасында бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) ушул токтомго ылайык тиешелүү өзгөртүүлөрдү жүргүзсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |