МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
2024-жыл 9- апрели №25-9-3
“Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кошумча штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы “ Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” № 52 токтомун жетекчиликке алып, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX- чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси-жооптуу катчысынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык кеңештин жергиликтүү бюджеттен каржылануучу кошумча штаттык бирдиктери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңешке, мэрияга жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Бостонов |