Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы

 

2024-жыл 9- апрели №25-9-4

 

“Майлуу-Суу шаарында Тулебердиева көчөсүндө (номери жок) жайгашкан мурдагы пионерлер үйү 3888,9 кв.метр имараты, 683,3 кв. метр жер аянтчасы менен “ Алымбек Датка” уюмуна мөөнөтсүз жана акысыз колдонууга уруксат берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” № 123 мыйзамын жетекчиликке алып, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX- чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
  2. Майлуу-Суу шаарында Тулебердиева көчөсүндө (номери жок) жайгашкан мурдагы пионерлер үйү 3888,9 (үч миң сегиз жүз сексен сегиз бүтүн ондон тогуз) кв.метр имараты, 683,3 (алты жүз сексен үч бүтүн ондон үч) кв. метр жер аянтчасы менен “ Алымбек Датка” уюмуна мөөнөтсүз жана акысыз колдонууга берүүгө макулдук берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга тапшырылсын.
  4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Н.Бостонов