Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 109/20-5
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине жер салыгынан түшкөн 215,0 миӊ сом суммасында акча каражатын багыттоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын катын карап чыгып жана жер салыгын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 27-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине жер салыгынан түшкөн 215,0 миӊ сом акча каражатын багыттоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |