ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 02-мартындагы № 28
Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Эсенбай уулу Талантбекке, Кушубаков Таалайбек Токоевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Эсенбай уулу Талантбекке, Кушубаков Таалайбек Токоевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн ”Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |