БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2023-жылдын 26- июлу №68
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты айдын ичинде аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Бунёдтин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айлыгында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9495,0 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 8753,3 миң сом экендиги белгиленсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн планы 140,8 % ке аткарылса, чыгаша бөлүгүнүн планы 64,9 % аткарылып, 2023-жылдын алты айлыгында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
3. Бешкент айыл өкмөтүндө салык боюнча план жалпысынан ашыгы менен аткарылган болсо дагы кээ бир салык түрлөрү боюнча пландар төлөнбөй жатканы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б. Эргашевдөн жоопкерчилик суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О.Т.Баховотдинов |