Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 110/20-5
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы №51/13-5 “Токмок шаарынын ММБнын жаңы түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-декабрындагы №1-22/2833 катын карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы №51/13-5 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Токмок шаарынын мэриясынын имаратына кароолчулар 5 (беш) кошумча штаттык бирдиги (ТТП) киргизилсин.
2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Т. Көбөгөнов) мекеменин иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |