Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2024-жылдын 4-марты   № 12/1

Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор, Большевик айылдарынын    башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүн,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.           Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан түзүлгөн Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор, Большевик айылдарынын башкы планы алымча кошумчасы  менен жана калктуу конуштарды кенейтүү максатында түзүлгөн Ормон-Хан айыл аймагынын Кой-Таш участкасындагы 404,5 гектар жер аянтына түзүлгөн башкы планы бекитилсин.

2. Кочкор, Большевик айылынын башкы планын жана  Кой-Таш участкасындагы 404,5 гектар жер аянтына түзүлгөн башкы планынын негизинде шаар куруу эрежелерин сактоо жагы Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын. 

3. Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана мамлекеттик реестрге каттоо иштерин алып баруу жагы Кенештин жоопту катчысына тапшырылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт иштери боюнча туруктуу комиссиясынын комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу