Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2024-жылдын 4-марты   № 12/4

Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин

депутаты З.Табалдиевди наамга сунуштоо  жөнүндө

 

            Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Табалдиев Зарылбек 1976-жылдан 2006-жылга чейин үзгүлтүксүз 30 жыл Кочкор айылдык Кенештин төрагасынын орун басары, төрагасы, Кочкор райондук Кенешинин төрагасы болуп, эл жана депутаттар аркылуу шайланып келген. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык комиссиянын мүчөсү катары жергиликтүү  мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу жөнүндө мыйзам жазууга катышып эмгектенген.

З.Табалдиевдин 2024-жылы кутман курак 70 жашка толуп жаткандыгына карата  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамына сунуштоо жөнүндө Ормон-Хан айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.          Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Табалдиев Зарылбек “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамына сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу