Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартибин жөнгө салат.
2. Санариптик казыналык милдеттенме - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын программалык платформасында катталган, анын ээсине Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин алдында жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында милдеттенмелерин жоюу үчүн пайдаланууга, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин алдында жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнүн берүүчүлөрүнүн алдында милдеттенмелер боюнча бардык эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин эмитенттен акчалай талапты канааттандырууну талап кылууга укук берүүчү документсиз мамлекеттик баалуу кагаз.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги санариптик казыналык милдеттенмелердин эмитенти катары чыгат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын программалык платформада санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу боюнча шарттарды, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт.
5. Санариптик казыналык милдеттенмелер өз ара эсептешүүлөр үчүн атайын программалык платформада катталган катышуучулардын ортосунда гана колдонулат, мында эмитенттен санариптик казыналык милдеттенмелери боюнча акчалай талапты канааттандырууну талап кылуу мүмкүнчүлүгү бар.
6. Казыналыктын санариптик милдеттенмелерди пайдалануусу мөөнөттөр менен чектелбейт.
7. Бир санариптик казыналык милдеттенменин номиналдык наркы 1 сомго барабар.
2-глава. Аныктамалар жана терминдер
8. Бул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) санариптик казыналык милдеттенменин ээси - атайын программалык платформада катышуучу катары катталган, санариптик баалуу кагазга ээ болгон бюджеттик мекеме же юридикалык/жеке жак;
2) санариптик казыналык милдеттенме - катталган катышуучулардын милдеттенмелерин, ошондой эле алардын мамлекеттик бюджеттин алдындагы милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн чыгарылуучу, улуттук валютада номинацияланган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөнөтсүз, пайызсыз жана документсиз мамлекеттик баалуу кагаз;
3) эмитент - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан чыгуучу;
4) санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу - берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн милдеттенмелерди жоюунун эсебинен атайын программалык платформада катталган катышуучулардын ортосунда санариптик казыналык милдеттенмелерди өткөрүп берүү;
5) санариптик казыналык милдеттенмелерди жоюу - санариптик казыналык милдеттенмелерди ээлеринин Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин алдындагы салыктык, салыктык эмес жана башка милдеттенмелерди жоюунун эсебине которуусу, ошондой эле акчалай талаптарды санариптик казыналык милдеттенмелерди кармоочулардын коммерциялык банктардагы эсебине чегерүүсү;
6) санариптик казыналык тапшырма - атайын программалык платформада катталган катышуучулардын ортосундагы каражаттарды которуу жана алуу үчүн жүзөгө ашырылуучу казыналык инструмент.
3-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун максаттары
9. Санариптик казыналык милдеттенмелер бюджеттик мекемелердин, юридикалык жана жеке жактардын милдеттенмелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин алдындагы алардын милдеттенмелерин жөнгө салуу максатында чыгарылат.
10. Бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин жөнгө салуу боюнча санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
4-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик казыналык милдеттенмелери атайын программалык платформада электрондук (документсиз эмес) формада чыгарылат.
12. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууда чыгаруу датасы, ар бир чыгарылыштын параметрлери көрсөтүлүүгө тийиш, алар атайын программалык платформада камтылат.
13. Санариптик казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышынын өзүнүн уникалдуу номери бар.
14. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө маалыматтар атайын программалык платформада санариптик казыналык милдеттенмелерди каттоонун жана эсепке алуунун электрондук журналында камтылат.
15. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн милдеттенмелерди жоюунун эсебине катталган катышуучулардын ортосунда өткөрүп берүүдө ээлик кылуу укугун каттоо электрондук журналда жүзөгө ашырылат. Ээси санариптик казыналык милдеттенмелерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө атайын программалык платформада санариптик казыналык тапшырманы түзөт жана ырастайт.
16. Электрондук журналда атайын программалык платформада ар бир санариптик казыналык милдеттенменин кыймылына жазуу жүргүзүлөт.
17. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу бюджеттик мекемелер жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин алдындагы салыктык, салыктык эмес жана башка милдеттенмелерди, санариптик казыналык милдеттенмелер боюнча калдыктарга акчалай талап коюу мүмкүнчүлүгү менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин жоюуга кийин пайдалануу үчүн санариптик казыналык милдеттенмелер менен төлөө шарттары макулдашылган учурда гана жүзөгө ашырылат.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекемелер менен биргеликте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен карыздарды санариптик казыналык милдеттенмелер менен жөнгө салуу жөнүндө маселени макулдашат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бюджеттик мекемелер жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (юридикалык жана жеке жактар) бюджеттик мекемелердин жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин көрсөтүү менен санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу шарттарын кабыл алуу жөнүндө үч тараптуу башкы макулдашууну түзөт.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү атайын программалык платформада каттайт жана электрондук санариптик кол тамга аркылуу катышуучуларга ролдорду жана артыкчылыктарды берет.
20. Бюджеттик мекемелер казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасында атайын банктык идентификациялык кодду жана алуучунун атайын программалык платформада өздүк эсебин көрсөтүү менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиргендиги үчүн акы төлөө үчүн кассалык чыгаша билдирмесин түзөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ырастаган төлөмдүн негизинде атайын программалык платформада ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан карыздык милдеттенмени кабыл алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү ээси болуп саналган санариптик казыналык милдеттенме (эмиссия) түзүлөт.
21. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу кассалык чыгымдарды жүргүзүүдө казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасында типтүү бухгалтердик жазуу жүргүзүү:
Дебет: "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" казыналык эсептер китеби, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" казыналык эсептер китеби, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Санариптик казыналык милдеттенме (Бюджеттик мекеме - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептердин китеби;
Дебет: "Санариптик казыналык милдеттенме (Бюджеттик мекеме - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" казыналык эсептер китеби.
22. Бюджеттик мекемелер учурдагы чыгымдык милдеттенмелерди төлөө үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана өткөрүп берүү үчүн төлөмдүн дайындалышында чыгымдоо операциясын жүргүзүүнү ырастоочу документтерди көрсөтөт.
23. Учурдагы чыгымдык милдеттенмелердин келип чыгышы үчүн негиз болгон ырастоочу документтер болуп товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү, салыштыруу актыларынын жана/же башка документтердин көчүрмөлөрү эсептелет.
24. Атайын программалык платформада катталган катышуучулар кийин товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө катары санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу боюнча укуктарды кабыл алгандан кийин:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинде салыктык, салыктык эмес жана башка чегерүүлөрдү жүргүзүү үчүн төлөмдү жүзөгө ашырууда санариптик казыналык тапшырманы тариздейт;
- санариптик казыналык милдеттенмелерди өткөрүп берүү аркылуу атайын программалык платформада ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү башка берүүчүлөрдүн алдында милдеттенмелерди жоюуга санариптик казыналык тапшырманы тариздейт;
- санариптик казыналык милдеттенмелердин пайдаланылбаган калдыктары боюнча акчалай талаптарды алууга санариптик казыналык тапшырманы тариздейт.
25. Башка берүүчүлөр (катталган катышуучулар) санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу боюнча укуктар кабыл алынгандан кийин атайын программалык платформада ушул Жобонун 24-пунктунда баяндалган ушундай эле аракеттерди жүзөгө ашырат.
26. Катталган катышуучулар санариптик казыналык милдеттенмелер менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө төлөө үчүн төлөмдү дайындоодо ырастоочу документтерди көрсөтөт.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган катышуучулардын санариптик казыналык тапшырмаларын белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык атайын программалык платформада ырастайт.
28. Катталган катышуучулар тарабынан санариптик казыналык милдеттенмелер аркылуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринде салыктык, салыктык эмес жана башка чегерүүлөрдү жүргүзүү үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле пайдаланылбаган калдыктар боюнча акчалай талаптарды алууда санариптик казыналык милдеттенмелер автоматтык түрдө жоюлду же атайын программалык платформада жокко чыгарылды деп эсептелет.
29. Санариптик казыналык милдеттенмелерди жоюу же жокко чыгаруу жөнүндө маалымат электрондук журналда чагылдырылат.
30. Катталган катышуучулар тарабынан санариптик казыналык милдеттенмелер аркылуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин алдындагы салыктык, салыктык эмес жана башка карыздарды жоюуда типтүү бухгалтердик жазуу жүргүзүү:
Дебет: "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Санариптик казыналык милдеттенме (Борбордук казыналык - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Санариптик казыналык милдеттенме (Борбордук казыналык - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Кирешелер (республикалык жана жергиликтүү)" казыналык эсептер китеби, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык түшүүлөр)" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Кирешелер (республикалык жана жергиликтүү)" казыналык эсептер китеби, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык түшүүлөр)" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" казыналык эсептер китеби.
31. Катталган катышуучулар тарабынан санариптик казыналык милдеттенмелердин пайдаланылбаган калдыктары боюнча акчалай талаптарды алууда типтүү бухгалтердик жазуу жүргүзүү:
Дебет: "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Санариптик казыналык милдеттенме (Борбордук казыналык - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби;
Дебет: "Санариптик казыналык милдеттенме (Борбордук казыналык - Казыналыктын райондук бөлүмү) - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби;
Кредит: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы негизги эсеби - Бюджеттик" казыналык эсептер китеби.
32. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана жоюу үчүн каражаттар каралат.
5-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, берүүнү жана жоюуну контролдоо
33. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана атайын программалык платформада төлөмдөрдү жүргүзүүдө катталган катышуучулардын (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр) ортосунда пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Жоопкерчилик
34. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана санариптик казыналык милдеттенмелердин ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу, өткөрүп берүү жана жоюу үчүн өз ара жоопкерчилик тартат.