Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2022-жылдын 31-октябры № 02
Атайын техникасын лизинг жолу менен насыяга алуу жөнүндө
Бостери айыл аймагындагы кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу, ирригациялык жана калкты таза суу менен камсыздоо иштерин ѳз убагында аткаруу максатында лизинг жолу мененнасыяга XCMG XE 150 WB маркасындагы дөңгөлөктүү экскаватор техникасын сатыпалуу жөнүндө Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 28.10.2022-ж отурумундагы бүтүмүнүн негизинде Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына, Айыл Банк» ААК аркылуу Бостери айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом акча каражатына XCMG XE 150 WB маркасындагы дөңгөлөктүү экскаватор техникасынын жалпы суммасынын 30%, мѳѳнѳтү 5 жыл,16 % бир жылдык тѳлѳмү жана камсыздандыруусу менен лизингге алууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана «Айыл Банк» ААК менен келишимди түзүү, ѳздүк салым катары тиешелүү тѳлѳмдѳрүн тѳлѳп туруу жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ жана «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына лизингге XCMG XE 150 WB маркасындагы дөңгөлөктүү экскаватор техникасын алууда, Бостери айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сопуевге «Айыл Банк» ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
4. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына лизингке XCMG XE 150 WB маркасындагы дөңгөлөктүү экскаватор техникасын алууда, «Айыл Банк» ААК менен келишимдерге кол коюуга жана аракет бѳлүмдѳрдү аткарууда айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Шаменовго укук берилсин.
5. Лизингдин негизги каражаттарын жана пайыздарын графиктин негизде ар жыл сайын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүп берүү жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
6.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сопуевге жана айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Э. Усубалиев |