ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2024-жылдын 4-марты № 12/8
Аубакиров көчөсүнүн көп кабаттуу турак жайлардын
тургундарынын арызы жөнүндө
Кочкор айылынын Аубакиров көчөсүнүн 7,9,11,13 көп кабаттуу турак жайлардын тургундарынын эски жолду ачтырып берүүнү сураган арызын жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 46-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы эски жол калыбыны келтирип, ачылсын.
2. Аубакиров көчөсүнүн 7, 9 көп кабатуу турак жайларынын ортосундагы тиешелүү жер аянтарын тактап, Кочкор архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын сунушун эске алып, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынынтапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |