Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 03
Муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамына, КР “Жер Кодексинин 22-статьясына жана КР “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 16.11.2022-ж №01-31а/1248 катынынын негизинде Бостери айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бактуу Долоноту айылынын “Береке” массивиндеги туристтик айылында жайгашкан канализациялык насостук станция (КНС) жайынын 885м2 жер аянтын Бостери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан мечитти кабыл алуу боюнча тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Усубалиев |