Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 06
Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына трансформаторду кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамына, КР Өкмөтүнүн 24.11.2017-ж №773 Токтомунун 4-пунктуна ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 27.09.2022-ж №01-31а/1234 катынынын жана айылдык кенештин транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын бүтүмүнүн негизинде айыл аймактын жашоочуларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бостери айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын Бактуу Долоноту айылындагы Ысык-Көл жана Барсбек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2021-жылы орнотулган 250 кВ трансформаторун Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бостери айыл аймагынын Бактуу Долоноту айылындагы Ысык-Көл жана Барсбек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 250 кВ трансформаторун Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүп берүүдө тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Усубалиев |