Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-апрели № 156
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Калктын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук эрежелерин белгилөөгө багытталган (ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган ченемдер болбогон учурда).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 28 (3581) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |