Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишине жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:
1209 29 450 0 | Шалбаа ат коногунун үрөнү, вика үрөнү; РОА (РОА PALUSTRIS L., РОА TRIVIALIS L.) өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн үрөндөрү; ежи курамасынын (DACTYLIS GLOMERATA L.); себүү үчүн полевицанын үрөндөрү (AGROSTIS) |
1209 29 800 0 | Себүү үчүн тоют үрөндөрү; себүү үчүн кылкансыз түбү бош өсүмдүктөрдүн жана себүү үчүн житняктын үрөндөрү |
1209 25 900 0 | Себүү үчүн талаа райграсы |
1209 23 110 0 | Себүү үчүн талаа сулусу |
- жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "11-тиркеме |
Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган чийки заттардын ТИЗМЕСИ
ТЭИ ТН коду | Чийки заттын аталышы |
1001 19 000 0 | Катуу буудай башка |
1005 90 000 0 | Башка жүгөрү |
1001 99 000 0 | Буудай жана меслин башкалар, үрөндүк эмес |
1109 00 000 0 | Буудай клейковинасы, кургак же чийки |
1201 90 000 0 | Башкалар (соя буурчактары) |
1205 10 900 0 | Башкалар (рапс үрөндөрү) |
1302 32 900 0 | Циамопсис (гуара) уругунан жасалган желим жана коюлткучтар |
1504 20 900 0 | Балык майы |
1507 10 100 0 | Соя майы |
1512 11 1000 | Тамак-ашка керектөө үчүн пайдаланылуучу продуктуларды өндүрүүдөн тышкары, техникалык же өндүрүштүк максаттар үчүн |
1514 11 1000 | Рапс майы |
2102 20 190 0 | Ачыткы |
2106 10 800 0 | Белок концентраттары |
2301 20 000 0 | Майда жана кесек салдырылган ун жана балык же рак сымалдар, малюска же кээ бир суу омурткасыздарынан гранулдар |
2303 10 110 0 | Жүгөрүдөн крахмал өндүрүүдө калган калдыктар (концентрацияланган майдалоочу суюктуктан башка), белок курамдуу кургак затка кайра эсептегенде 40 мас. %дан көп |
2304 00 000 1 | Соя шроту |
2306 30 000 0 | Күнкараманын күнжарасы жана шроту |
2306 41 000 0 | Рапс күнжарасы |
2309 90 100 0 | Эрүүчү балык продуктулары же деңиз сүт эмүүчү жаныбарларынан жасалган продукттар |
2309 90 960 1 | Органикалык жана органикалык эмес негиздеги 49 мас. % же андан көп хлорид холин курамында болгон жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продукттар |
2309 90 960 9 | Жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу продукттар, башкалар |
2519 90 100 0 | Магний оксиди, кальцийленген табигый магний карбонатынан башка |
2530 90 000 9 | Натрий сульфаты |
2816 10 000 0 | Магний гидроксиди жана пероксид |
2817 00 000 0 | Цинк оксиди; ZF72 тоюттук цинк пероксиди |
2827 51 000 0 | Натрий бромиди же калий |
2820 90 100 0 | 77 мас. % же андан көп камтыган марганец оксиди |
2922 41 000 0 | Лизин жана анын татаал эфирлери; ушул кошулмалардын туздары |
2922 49 850 0 | Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары |
2922 50 000 0 | L Треонин |
2833 21 000 0 | Магний сульфаты |
2833 25 000 0 | Жездин сульфаты |
2835 26 000 0 | Кальций фосфаты башкалар |
2833 29 800 0 | Моногидрат темир сульфаты |
2833 29 300 0 | Кобальт сульфаты, титан |
2836 400 00 0 | Калий карбонаты (поташ) |
2842 90 800 0 | Органикалык эмес кислоталардын же пероксокислоталардын туздары, башкалар |
2922 49 850 0 | Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары |
2923 90 000 9 | Төртүнчүлүк аммонийлик негиздин туздары жана гидроксиддери (бетаин гидрохлорид) |
2930 40 900 0 | Метионин |
2933 99 800 8 | Азот гетероатомун (гетероатомдорун) гана камтыган гетороциклдүү башка кошулмалар, башкалар (L-триптофан) |
2936 21 000 0 | А витаминдери жана алардын туундулары |
2936 23 000 0 | В2 витамини жана анын туундулары |
2936 22 000 0 | В 1 башка витаминдери жана анын туундулары |
2936 24 000 0 | D же DL-пантотен кычкылдыгы (В3 витамини же В5 витамини), анын туундулары |
2936 25 000 0 | В6 витамини жана анын туундулары |
2936 26 000 0 | В12 витамини жана анын туундулары |
2936 27 000 0 | С витамини жана анын туундулары |
2936 28 000 0 | Е витамини жана анын туундулары |
2936 29 000 1 | В9 витамини жана анын туундулары; Н витамини жана анын туундулары |
2936 29 000 9 | Витаминдер башка жана алардын туундулары |
2936 90 000 2 | Витаминдердин аралашмасы, анын ичинде ар кандай эритүүчүдө, (КЗ витамин) табигый концентратын кошо алганда |
3204 19 000 0 | Башка органикалык боёчу синтетикалык заттар жана алардын негизинде даярдалган препараттар |
3504 00 900 0 | Башка пептондор жана алардын туундулары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген башка белоктук заттар жана алардын туундулары; хром менен же хромсуз териден же гольядан порошок |
3507 90 900 0 | Фитаза |
3913 90 000 0 | Табигый полимерлер башкалар |