МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 14 - сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 14.2
2024-жылдын башына айыл өкмөттүн эсептик счеттогу калган калдык акча каражатыны сарпталышы боюнча бюджетке жана атайын каражатка кошумча смета киргизүү жөнүндө.
Майдан айылдык өкмөтүнүн бюджеттик жана атайын каражаттык эсептик счеттордогу 2024-жылдын башына калган акча каражаттарын жумшоо боюнча Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Токтосунов Каныбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын башына калган бюджеттик акча каражатты 12042,0 миң сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын № 1-тиркеме (кошумча сметанын негизинде)
- Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын башына калган атайын каражаттагы акча каражатты 13800,5 миң сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын № 2-тиркеме (кошумча сметанын негизинде)
- Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи К.Токтосунов бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насиров |