КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-ноябры № 730-т
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан Кыргыз геологиялык кызматы менен Бириккен Королдуктун изилдөөлөр жана инновациялар маселелери боюнча уюмунун атынан Британия геологиялык кызматынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |