МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 15.3
Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагында агрохимиялык лаборатория ачуу жөнүндө
Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагында агрохимиялык лаборатория ачуу максатында Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагында агрохимиялык лаборатория ачууга макулдук берилсин;
- Агрохимиялык лаборатория ачууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн;
- Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер жана агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Насиров |