МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы
2024-жылдын 13-февралы № 15.3/2
Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен жергиликтүү бюджетинен лизинге AIMIX AS-3.5 Самозагружающийся бетоносмеситель алуу жөнүндө
Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен жергиликтүү бюджеттик эсебинен, Кырыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык мыйзам чегинде лизинге AIMIX AS-3.5 Самозагружающийся бетоносмеситель алуу максатында Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө мыйзам чегинде лизинге AIMIX AS-3.5 Самозагружающийся бетоносмеситель алууга макулдук берилсин;
2.Лизинге алынуучу атайын техниканын баасынын 30% Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-жылы бекитилген бюджетинен которулуп берилсин жана беш жылдык төлөмдү төлө жагы Майдан айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3.Майдан айыл Өкмөтүнүн эконмика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи К.Токтосуновго лизинге AIMIX AS-3.5 Самозагружающийся бетоносмеситель алуу үчүн керектелүүчү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүштүрүлүп берүү жагы милдеттендирилсин;
4.Ушул токтомдун аткарылышы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насиров |