Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 15.4

ЖЧК “Ысман Тоо” ишканасы жөнүндө

Майдан айылдык Кеңешинин 25.11.2022-жылкы 3-кезексиз сессиясынын 43.1 чечимине 15.09.2023-жылкы 9-кезексиз сессиянын 6-бөлүк 1.2 пункуна 10.01.2024-жылкы 13-сессиясынын 4-бөлүгүнө ылайык. Ошондой эле Майдан айылдык Кеңешинин 20.01.2024-жылкы 14-сессиясында бекитилген комиссиянын корутунду актына жана Тоо кен боюнча комиссиянын 30.01.2024-жылкы протоколдук сунушун эске алып Майдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Тоо кен комиссиясынын протоколдук сунушу кабыл алынсын жана аткарууга алынсын;

 

2.    Ысман Тоо ЖЧКунун лицензиясын жокко чыгаруу боюнча сунуш тиешелүү органдарга жөнөтүлсүн;

 

 

3.    Майдан айылдык Кеңешинин 22-январь 2024-жылкы бекитилген корутунду акты аткарууга алынсын. Кошумча маалыматтарды эске алуу менен тиешелүү органдарга кат аркылуу сунуштар, даттануулар жана доолор жөнөтүлсүн.;

 

4.    Бул токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыялансын;

 

 

5.    Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен комиссиясына жана өзүмө калтырылсын

 

 

 

Төрага

А.Насиров