Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 2-апрели № 123-т
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишине байланышкан маселелерди тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 131-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы;
Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораториясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары;
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
жекече (макулдашуу боюнча):
Жакышов Русланбек Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Алиев Медербек Кубанычевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Бегалиев Улугбек Турдалиевич | - | Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору. |
Эскертүү: кызмат орду боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.".