|
| КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январы № 22 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Ветеринария жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2023-жылдын 7-июну
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар,
Тараптардын ортосундагы ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) алынуучу жүктөрдү (товарларды) экспорттоону-импорттоону өнүктүрүү максатында эки тараптуу кызматташуу ниетин жетекчиликке алып,
жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу максатында жаныбарлардын саламаттыгын коргоо жана коомдук саламаттыкты сактоо милдеттенмелерин бөлүшүү менен,
кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү жана ветеринария жаатында кызматташууну тереңдетүүнү ниетттенип, Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерине зыян келтирбестен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашууда ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) алынуучу жүктөргө (товарларга) төмөнкүлөр кирет:
- тирүү жаныбарлар;
- ай туяктуулар (жылкы ж.б.);
- ача туяктуулар (ири мүйүздүү мал, койлор, эчкилер, төөлөр ж.б.);
- жапайы жаныбарлар;
- айыл чарба жана жапайы кемирүүчүлөр (бакма коендор, коендор ж.б.);
- үй канаттуулары (тооктор, күрп, каздар, өрдөктөр, үй цесаркасы, ж.б.);
- декоративдик канаттуулар (кыргоол, кекилик, көгүчкөн, ж.б.);
- экзотикалык канаттуулар жана жаныбарлар (тотукуш, маймыл ж.б.);
- аарылар;
- балыктар, үлүлдөр, чаян сымалдуулар, башка омурткасыздар, ташбака жана башка суу биоресурстары;
- жаныбарлардан алынган продукттар, эт, сүт, аквакультура, жумуртка, бал жана адам тамак-аш катары пайдаланууга мүмкүн болгон алардан даярдалган продукттар;
- жаныбарлардан алынган чийки зат, тери, булгаары, жүн, чач, кыл, канат, сөөк, тырмак, мүйүз жана жаныбарлардан алынган азык эмес продуктулар жана тамак-аш жана тоют катары колдонууга мүмкүн болбогон ветеринардык контролдун конфискацияланган продуктулары;
- ветеринардык дары каражаттары - жаныбарларды дарылоо, профилактикалоо, диагностикалоо жана фертилдүүлүгүнө дем берүү үчүн колдонулуучу ветеринардык багыттагы иммунологиялык, биологиялык, өсүмдүк, химиялык жана фармацевтикалык субстанциялар.
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоого катышуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги.
2. Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан:
Катар Мамлекетинин Муниципалитет министрлиги.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик жооптуу органдардын түзүмүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилген учурда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирин жазуу жүзүндө маалымдоого тийиш.
3-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында төмөнкү тармактарда кызматташат:
- ветеринардык контролдо турган жүктү (товарды) импорттоодо, экспорттоодо жана транзиттөөдө ылаңдардын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарын профилактикалоо үчүн маалымат жана тажрыйба алмашуу;
- эквиваленттүүлүк принцибине ылайык Тараптардын ветеринардык сертификаттарын макулдашуу жана талаптардын өзгөргөндүгү боюнча маалымдоо;
- Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун жана башка тиешелүү уюмдардын алкагында кызматташуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринде пайда болушу/келип чыгышы мүмкүн болгон эпизоотиялык кырдаал жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын кызыкчылыктарынан келип чыгуучу көйгөйлөрдү изилдөө максатында илимий институттар, диагностикалык жана аналитикалык лабораториялар менен кызматташуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына жана ветеринария жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык ветеринардык контролдо турган жүктү (товарды) импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө жаатында кызматташуу аркылуу өз ара соода жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- алардын улуттук мыйзамдарынын алкагында тамак-аш чынжырчасынын бардык этаптарында ветеринардык контролдогу продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматташуу;
- ветеринария жаатында тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
- Тараптар өз улуттук мыйзамдарынын алкагында ветеринардык контролдогу продукцияны импорттоодон-экспорттоодон баш тартуу, аны чектөө боюнча маалымат менен күн мурунтан алмашып турат.
4-берене. Милдеттенмелер
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ветеринариянын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун сунуштамаларына ылайык ылаңдын алдын алуу жана жайылып кетүүсүн жоюу боюнча чараларды көрүү жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында эскертилген, Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун ылаңдар тизмесине киргизилген жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын тизмеси боюнча отчетторду алмашуу Тараптардын аймактарында эскертилүүгө тийиш;
- Тараптардын өз ара макулдугунун негизинде гана жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун сунуштарына ылайык жаныбарлардан алынган продукттарды экспорттоого сертификаттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Диагностикалык-аналитикалык лабораториялар менен тиешелүү илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаныбарлардан алынган азык-түлүктөрдүн коопсуздугу жана ветеринардык көзөмөл системалары жаатында илимий изилдөөлөрдү күчөтүү;
- Тараптар ветеринардык контролго алынган продукцияны экспорттоочу ишканаларда сапат системасын колдонууну, бул ишканаларды каттоону жана ишканаларга тиешелүү уруксат документтерин берүүнү камсыз кылат. Тиешелүү уруксат документтери жок мекемелердин продукцияны экспорттоого укугу жок.
5-берене. Мамлекеттик ветеринардык контролдоо жана тобокелдикти баалоо
Тараптар өз ишинде тобокелдикти баалоого негизделген ыкмаларды жетекчиликке алат. Тараптардын ветеринардык контролго алынган жүктөрдү контролдоого жана контролдоо үчүн сертификаттоого карата талаптары практикада жеткиликтүү болгон тобокелдиктерди мүмкүн болуучу максималдуу баалоого негизделген.
Тараптар продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо продукциянын коопсуздугун жана жарактуулугун камсыздоо үчүн анын тобокелдигинин деңгээлине ылайык продуктуга ветеринардык экспертиза жүргүзөт.
Тараптар экспорттолуучу жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугуна кепилдик берүүчү сертификаттарды берет.
Тараптар экспорттолуучу ветеринардык контролго алынган продукцияны сертификаттоодо биринчи кезекте Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулуучу улуттук мыйзам актыларын жана стандарттарды жетекчиликке алат.
Эгерде Тараптардын аймагында колдонулган мыйзам актылары жана стандарттар конкреттүү талаптарга карата алганда жалгыз болуп саналбаса, Тараптар импорттолуучу жана экспорттолуучу продукттарга сертификаттоо (жана башка кепилдиктер) үчүн негиз катары Алиментариус кодексинин Комиссиясынын, Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун, колдонмолоруна жана сунуштарына негизделе алат.
Тараптар экспорттолуучу продукцияга карата Мамлекеттердин улуттук мыйзамдары жөнүндө маалыматтар менен алмашып турат.
Тараптар импорттоо-экспорттоо талаптарынын жана/же шарттарынын кандай болбосун өзгөрүүлөрү тууралуу бири-бирине кабарлап турат.
Ветеринардык продукцияга байланышкан тобокелдиктерди азайтуунун кыйла натыйжалуу жана иштиктүү каражаттары баштапкы өндүрүүдө жана өндүрүлгөн өлкөдө кайра иштетүүдө контролдоо чараларын колдонуу аркылуу алына тургандыгын көңүлгө алуу менен Тараптар жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугун тамак-аш чынжырчасы аркылуу камсыздоого милдеттенет.
6-берене. Техникалык ишке ашыруу түзүмү
Импорттоочу мамлекеттин Тарабы экспорттоочу ишканалардын ветеринардык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу максатында экспорттоочу мамлекеттин Тарабынан бардык тиешелүү документтерди суроого укуктуу. Импорттоочу мамлекеттин Тарабы ветеринардык контролдоого алынган экспорттолуучу продукцияны өндүрүү процесси жана сапатты контролдоо системасы менен таанышуу үчүн жогорку даражадагы тобокелдик объекттерине барууга укуктуу. Экспорттоочу тарап мындай визиттерди координациялайт.
Экспорттоочу мамлекеттин Тарабы Тараптардын мамлекеттеринин талаптарын аткарууну камсыз кылуучу ветеринардык сертификаттарды берет.
Импорттоочу мамлекеттин Тарабы улуттук мыйзамдарда каралган жагдайларда бардык импорттолуучу товарларды зарылдыгына жараша текшерүү укугун өзүнө калтырат. Бул документтерди текшерүүнү, физикалык текшерүүнү, сынамдарды алууну, убактылуу сактоону ж.б. камтыйт.
Эгерде импорт учурунда ушул Макулдашуунун талаптары сакталбаган болсо, анда Тараптар жүктү кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
7-берене. Чыгымдар
Импорттоочу Тараптын компетенттүү органынын техникалык тобу ветеринардык көзөмөлгө алынган жүктү текшерүү жана документтештирүү үчүн экспорттоочу өлкөгө барат жана жол кире чыгымдарын жүктүн ээси көтөрөт.
8-берене. Биргелешкен жумушчу топ
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууда каралган иш-чараларды көзөмөлдөөнү жана координациялоону камсыз кылуу жана аталган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында эки Тараптын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
Биргелешкен жумушчу топ үзгүлтүксүз чогулат жана Тараптардын компетенттүү органдары бул жолугушуулардын ордун, датасын жана талкуулоо үчүн темалардын тизмесин аныктайт.
Кабыл алуучу Тараптын кызыкдар органы жолугушууларды уюштуруу боюнча чыгымдарды, ал эми жөнөтүүчү Тараптын тиешелүү органы жөнөтүүчү Тараптын делегациясынын эл аралык саякаттарын жана күнүмдүк чыгымдарын көтөрөт.
9-берене. Келишпестиктерди жөнгө салуу
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан Алиментариус кодексин жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун эл аралык соода маселелери боюнча сунуштарын жана/же нускамаларын жана Дүйнөлүк соода уюмунун санитардык жана фитосанитардык келишимин эске алуу менен чечилет.
10-берене. Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Тараптар жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан укуктарга жана милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
11-берене. Өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын 12-беренесине ылайык күчүнө кирген жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
12-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон эки өлкөдө колдонулуучу мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш (5) жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө ал токтотулганга же анын алгачкы колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты (6) ай мурун билдирбесе, андан аркы беш (5) жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Эгерде Тараптар башка тууралуу жазуу түрүндө макулдашпаса, анда бул Макулдашуунун токтотулушу же колдонуу мөөнөтүнүн аякташы анын алкагында демилгеленген жана иштеп жаткан долбоорлорго жана программаларга алар аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
Бишкек шаарында 2023-жылдын 7-июнунда эки нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү жана кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |