Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/2
Каракол шаарында катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
КСТжКК директорунун м.а. Б.К.Мамбеталиевдин, 2022-жылдын 12-октябрындагы, чыг.№01-7/190, күйүүчү-майлоочу майлардын, тейлеген техникалардын запастык бөлүктөрүнүн бааларынын жогорулагандыгына байланыштуу, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча тарифтерди көтөрүү зарылдыгын жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында, унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана аларды зыянсыздандырууга төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин:
а) калк үчүн:
-абатталган үйлөрдө жашагандарга- бир айга, бир кишиге -36 сом;
-абатталбаган үйлөрдө жашагандарга- бир айга, бир кишиге- 52 сом.
б) ишкана, мекеме жана уюмдар үчүн:
- 501сом өлчөмүндө;
-контейнеры бар (сыйымдуулугу 0,75 куб.м) кардарлар үчүн–376 сом өлчөмүндө;
-төлөмдөрдү талондор менен жүргүзгөн кардарлар үчүн-1м3 ге -123сом.
2. Каракол шаардык Кеӊешинин, 2017-жылдын 24-мартындагы, №27-14/2 «Каракол шаарында катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү жөнүндөгү» токтому жокко чыгарылсын.
3. Даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында, Каракол шаарынын мэриясы, социалдык фонд, социалдык жактан коргоо башкармалыгы жана КСТжКК менен бирдикте, бир айлык мөөнөттө, 1-2 топтогу майып абоненттердин тизмелерин, Кенештин чечими менен, аларга 50% жеӊилдиктерди берүү үчүн даярдап берсин.
4. КСТжКК администрациясы, шаардын калкынан жана чарба жүргүзүүчү субъектерден, катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандыруу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн, каражаттардын толук жыйналышын, шаардын аймагынан таштандыларды өз убагында, сапаттуу чыгарылышын жана зыянсыздандырылышын камсыз кылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдикукуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |