Редакцияот 9.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы

 

2024-жыл 9- апрели №25-9-6

 

“Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы № 24-9-3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 19.03.2024-ж чыг.№ 01-14-180; 02.04.2024-ж чыг. № 01-14-201 сандуу кайрылуу каттарын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын кезексиз XXV- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.    Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы № 24-9-3 токтомунун 10-пунутунун 4-п/пунктуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

·         “Шаардык муниципалдык башкармалыгына жалпы 1680,0 миң сом” деп озгөртүлүп, “жолдорду оңдоого-1747,9 миң сом деген сүйлөм алынып салынсын”;

·         10-пукту менен бекитилген № 5-тиркемеге “2024-жылдын 1 январына калган акча каражатынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмесине” төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Ø  ШМБна каралган жалпы суммасы 1680,0 миң сом деп өзгөртүлсүн;

Ø  “ШМБна “Жол оңдоого каралган 1747,9 миң сом акча каражаты алынып салынсын;

Ø  “Горжилзеленстрой” мекемесине “Жол оңдоого 1747,9 миң сом акча каражаты кошумча ушул тиркемеде каралсын.

 

3.    2024-жылга Майлуу-Суу шаардык бюджеттин чыгашалаарынын долбоору Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы № 24-9-3 токтому менен бекитилген 3-тиркемеге төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

·         Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 3112 беренесинен үнөмдөлгөн 144,0 миң сом акча каражаты 2221 беренесине которулсун.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.

 

5.    Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

 

Н.Бостонов