Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/3
Каракол шаарындагы мусулмандар бейитине сөөк коюуну токтотуу жөнүндө
Каракол шаардык Кеӊешинин, 2019-жылдын 2-июлундагы, №27-28/15 «Каракол шаарынын көрүстөндөрүнө жер тилкесин табуу жөнүндө» токтомунун негизинде, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы жана Ысык-Көл областынын казыяты, Кыдыр-Аке атындагы көчөсү, номери жок дарегинде жайгашкан, мусулмандар көрүстөнүндө сөөк коюуну токтотушсун.
2.Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |