Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-февралындагы № 16
Айыл аймагындагы суу пайдалануучулар бирикмесин жоюу жана айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жɵнүндɵ
2022-жылдын 22-февралындагы жалпы элдик жыйындын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Суу кодексинин” 84-беренесине ылайык жана суу пайдалануучулар бирикмелери (Тору-Айгыр, Сары-Камыш) иш жүргүзө албаганына байланыштуу айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жɵнүндɵгү айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.К.Керимбаевдин сунушун карап, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр, Сары-Камыш суу пайдалануучулар бирикмеси өз милдетин талаптагыдай аткара албагандыктан жоюлсун.
2. Тору-Айгыр, Сары-Камыш суу пайдалануучулар бирикмесинин иш кагаздары, мүлкү толугу менен “Тору-Айгыр Турак Жай Коммуналдык Чарбасы” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жана токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵт башчысы У.К.Керимбаевге милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| Э.Д. Эмилбекова |