Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/4
Каракол шаардык Кеӊешини 2022-жылдын 28-февралындагы №28-12/3 “Р-2 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоо киргизʏʏ жѳнʏндѳгʏ” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчыс С.Ы.Сарыбаевдин, 2022-жылдын 28-сентябрындагы, чыг.№ 01-16-525 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кеӊешинин, 2022-жылдын 28-февралындагы, №28-12/3 “Р-2 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоо киргизʏʏ жѳнʏндѳгʏ” токтомунун 1 пунктуна өзгөртүү киргизилсин: “түштүк-батыш бөлүгү” деген сөздөр “түндүк-батыш бөлүгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |